Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Орду жок, катардан чыккан, топко кошулбаган адамга карата колдонулат. Жумушсуздуктун айынан сайда саны жок жүргөндөрдүн катары көбөйдү («Агым»). 2. Тамтыгы чыккан, тарпы кеткен, абдан жыртылган, чалдыбары чыгып, эскилиги жеткен. Сыртынан караса сайда саны жок, ичине кирсе илип алар жаңысы жок, далбаалап турган жаман үй Карыптыкы эле (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дайыны чыкпай жоголуу, дареги билинбей калуу, кабарсыз жок болуу. Келген себеби: жээндери бар эле, жээндеринин да сайда саны, кумда изи жок (Шүкүрбеков). В.: Сайда саны, кумда изи калбоо. Эгер унчукпай кетип калсаңар, биз эмне болот элек? Сайда саныбыз, кумда изибиз калбайт болучу (Жантөшев).